Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Ысык-Көл

Түптө акимдин балаты майрамы өттү (фото)

Turmush -  Түп районунда В.Кайкин атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде акимдин жаңы жылдык балаты майрамына 45 бала катышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, майрамга окууда жана спортто ийгиликтерди багындырган балдар чакырылды. Аларды райондун акими С.Исмаилов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Такаев, ата-энелер комитетинин өкүлү куттуктады. Майрамдык иш-чараны Аяз ата менен Аяз кыз коштоп, анын жүршүндө балдар ырдап, бийлеп жана оюндар уюштурулду.

Акимдин орун басары жана социалдык кызматкерлер балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1254
×