Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ысык-Көл

Түптөн 20 бала өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлүнүн жаңы жылдык балаты майрамына катышат (фото)

Turmush -  Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн жаңы жылдык балаты майрамына Түп районунан 20 бала катышат.

Маалым болгондой, 20 баланын арасында райондогу мектептердин алдыңкы окуучулары, спортто ийгиликке жетишкендер жана ата-энесинен ажыраган балдар бар.

Алар Каракол шаарында өтө турган өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жаңы жылдык балаты майрамына Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Эрмекан Дюшебаеванын коштоосу менен жөнөп кетишти.

Акимият балдардын балаты майрамына кеткендердин жол кире маселесин чечип берип, жол коопсуздугун сактоо үчүн жол кыймылынын коопсуздугун сактоочулардын коштоосу менен жөнөтүлдү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1499
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×