Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ысык-Көл

Жалаң аялзатынан турган «Энелер Түптүн түркүгү» ассоциациясы жыл жыйынтыгын чыгарды (фото)

Turmush -  Түп районунда жалаң аялзатынан турган «Энелер Түптүн түркүгү» ассоциациясы жаңы жыл алдында өткөн жылдагы иштердин жыйынтыгын чыгарды.

Аталган ассоциация чыгармачыл адамдардан түзүлгөн, алардын арасында кол өнөрчүлүк, узчулук, саймачылык жана башка кесиптин ээлери бар.

«Адеп, ыйман жана маданият жылына карата маданий, чарбалык, спорттук жана кесиптик иштерде активдүүлүгүн көрсөтүп, Түп районундагы иш-чараларга жигердүү катышкан жана райондун өсүп-өнүгүшүнө кошкон зор салымдары үчүн тандалып алынган инсандар ардак баракчалар менен сыйланышты. Энелердин бул саамалыгын колдогон райондун жаштар уюму энелерге жана жалпы иш-чарага катышуучуларга арнап чакан концерт тартуулашты», - деди «Келечекке кадам» коомдук уюмунун тең төрагасы Б.Коңурбаева.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1518
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×