Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Ысык-Көл

Түптө сатыктагы көмүрлөрдүн баасы текшерилди (фото)

Turmush -  Түп районунда сатылып жаткан көмүрлөрдүн баасын текшерүү максатында рейд жүргүзүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Рейдге өкмөткө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл облустук бөлүмү, Түп райондук мамлекеттик салык кызматы жана көмүрлөрдүн баасынын туруктуулугун текшерген жумушчу топ катышты.

«Рейдде өкмөттүн 2017-жылдын 16-ноябрындагы токтомунун негизинде Түп районунда Кара-Кече, Миң-Куштун көмүрлөрү тоннасы 5200 сомдон сатыла турган болсо, рейд учурунда 5000, 5200 сомдон, Шабыркүл менен Кара-Жыранын көмүрү да (тоннасы 6200 сомдон) белгиленген баада сатылып жаткандыгы жана эч кандай тартип бузуулар катталбагандыгы аныкталды», - деди акимдин биринчи орун басары В.П.Ситчихин.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 615
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×