Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Ысык-Көл

Түптө алдыңкы энергетика кызматкерлери сыйланды (фото)

Turmush -  Түп райондук электр тармагында энергетика кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Майрамдык иш-чарага аким Совет Исмаилов катышып, электриктерди кесиптик майрамы менен куттуктап, райондук электр тармагынын алдыңкы кызматкерлерине ардак грамоталар менен ыраазычылык каттарды тапшырды.

«Биздин РЭТтеги 4 участкалык бөлүмчөдө 120 киши эмгектенет. 10 кызматкерибиз «Кыргыз Республикасынын энергетикасынын отличниги» сыйлыгынын ээси. Бизде майрам деген болбойт, себебин өзүңөр көрүп турасыңар. Түндөгү калың жааган кардан кийин алыскы райондон 75 чакырым алыстыктагы Чар-Кудук, Каркыра айылдарындагы абалды билүүгө атайын топ кетти. Кышка даярдыктар талапка ылайык көрүлгөндүктөн элге электр жарыгы өз убагында жеткирилип турса биз үчүн ошондон өткөн чоң майрам жок», - деди Б.Сабатаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 611
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×