Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 23.12.2017 11:06

Түптө мыйзамсыз балык улагандар кармалды

Turmush -  Түп районунун аймагында браконьерликке жана мыйзамсыз бак-дарактарды кыюуга каршы-күрөшү боюнча 3 айлыктын алкагында Түп раймамадминистрациясында түзүлгөн райондук комиссия рейд жүргүздү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, рейддин жүрүшүндө пилорамалардагы отун, карагайларга тиешелүү документтер текшерилип, эч кандай мыйзам бузуу фактылары катталган эмес. Ал эми балык кармоо мыйзамдарынын бузулушу жөнүндө 3 факты катталды. Күрмөнтү айылынан Ж.Б.Т. жана Д.У.С. аттуу адамдар 32 даана сига-лудога балыктары, Тогуз-Булак айылынан Д.Ю.А. жана П.Н.И. деген адамдар 34 даана сига-лудога балыктары, Түп айылынан О.М.А. аттуу адам 15 даана сига-лудога балыктары менен кармалышып, торлору далил зат катары катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

«Раймамадминистрация тарабынан браконьерликке каршы-күрөштү күчөтүү, жаратылыш ресурстарын жана экосистемадагы ар түрдүү биотүзүлүштөрдү коргоонун эффективдүүлүгүн көтөрүү жана аңчылык ресурстарын жөнгө салуу максатында райондук комиссия рейддик иштерди уланта берет», - деди акимдин биринчи орун басары, комиссиянын төрагасы Валерий Ситчихин.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×