Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ысык-Көл

Түптө Монополияга каршы агенттик көмүрдүн баасын текшерди

Turmush -  Түп районунда Монополияга каршы агенттик жергиликтүү тургундардан даттануу түшкөндөн кийин көмүргө болгон бааны текшерди.

Маалым болгондой, Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин Ысык-Көл облусундагы бөлүмүнө Түп айылынын тургунунан билдирүү түшкөн. Ал алып келүүчүлөр көмүрдүн баасын аталган агенттиктин койгон баасына карабастан жогорулатып жатканына арызданган.

Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин Ысык-Көл облусундагы бөлүмүнүн жетекчиси Фархад Чегебаевдин айтымында, учурда агенттик жумушчу топ менен бирге рейд өткөрүп жатат.

«Бүгүн эртең менен бизге аталган айылдын тургунунан билдирүү түштү. Биз жумушчу топ Түп районунун акиминин орун басарынын жетекчилиги алдында базага барып, көмүрдүн баалары менен тааныштык. Көмүрдүн баасы жогору болуп жаткандыгы тууралуу факты аныкталган жок. Биздин орган тарабынан коюлган баага ылайык, Каражырга жана Шабыркүл көмүрлөрүнүн 1 тоннасы 6 миң 200 сомдон жогору болбойт. Жергиликтүү көмүрдүн 1 тоннасы 4500-5200 сомдон сатылат», - деди ал.

Эгер сатуучу көмүрдү кымбат баада сатса, ал административдик жоопкерчиликке тартылат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 813
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×