Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 21.12.2017 16:51

Фото - Алыскы Каркыра айылынын тургундары тоңуп калган музду жарып суу алышат

Turmush -  Түп районунун алыскы Каркыра айылы Санташ айыл аймагында кыргыз-казак чек арасында жайгашкан. Бул жерде 22 үй-бүлө — 130дан ашык адам кыштап калат.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аталган айылга барып, жергиликтүү тургундардын сууну айылдан 1 чакырым алыс жайгашкан жерден алып келип жатканына күбө болду.

Айыл башчысы Кубанычбек Түлөбердиевдин айтымында, эртең менен тургундар тоңуп калган суунун музун жарып, ичүүчү суу алып келишет.

«Акыркы жумада айылдын ортосундагы тоо этегинде орун алган булактан тартылып келген суу тоңуп калды. Ошондуктан, аргасыздан айылдын батыш тарабындагы Кутургандын суусу деген жерден агын суу ташып ичип жатабыз. Жигиттер эртең менен тоңуп калган суунун музун жарып, тазалап үйгө алып кетебиз. Биз кеткенден кийин мал сугарылат. Ошентип кечке чейин адамдар менен малдар бир жерден суу ичүүгө туура келет. Малдын жугуштуу оорулары жукпаса экен деп коркобуз. Таза суу көйгөйү жыл сайын чечилбей келет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×