Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ысык-Көл

Түптүн хоккейчилери Нарындагы республикалык таймашка катышат (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районунун хоккейчилери Нарын шаарында өтө турган республикалык мелдешке катышат. Бул тууралуу машыктыруучу Эдил Исаков билдирди.

Анын айтымында, учурда хоккейчилер муз үстүндө машыгып жатышат.

«22-декабрда баштала турган мелдешке 15 оюнчу барат. Былтыр өз тайпабызда 2-орунду ээлеп, бирок бирдиктүү формабыз жок болгондуктан мелдешти уланта алган жокпуз. Быйыл демөөрчүлөр форма алып берди жана жол кире акысын да төлөп беришет. Спортчуларды таймашка даярдоо үчүн кесиптешим Дастан Үметалиев экөөбүз Бишкекке барып, россиялык машыктыруучулардан тажрыйба алып келдик», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1750
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×