Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Ысык-Көл

Түптө Улуттук адабият күнү белгиленди (фото)

Turmush -  Түп районунда М.Элебаев атындагы райондук китепканада «Адабият — элдин аң сезиминин жарыгы» деген адабий-поэтикалык кече өткөрүлдү.

Маалым болгондой, кече 12-декабрь — Улуттук адабият күнүнө, дүйнөгө белгилүү кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана белгилүү акын Алыкул Осмоновдун көз жумган күнүн эскерүүгө арналган.

Кече Ж.Мукамбаев атындагы мектептин 8-классынын окуучусу Кенжебек кызы Эльвиранын «Чыңгыз ата асманында кыргыздын» аттуу ырын көркөм окуу менен башталып, улуттук адабияттын чолпон жылдызы болгон 20-кылымдын чыгаан инсаны Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылык жолуна токтолушту.

Ч.Айтматовдун калемине таандык, обонун композитор М.Бегалиев жазган «Ысык-Көлдү сагынуу» аттуу ырын райондук маданият үйүнүн кызматкерлери аткарып бергенден кийин кезек кийинкилерге берилди. Бирлик жана Ичке-Суу орто мектептеринин окуучулары «Бетме-бет», «Биринчи мугалим» повесттеринен үзүндүлөрдү театрлаштырып тартуулашты. Ошондой эле, «Түп кайрыктары» поэзия сүйүүчүлөр клубунун мүчөлөрү, мектеп окуучулары Ч.Айтматовго арналган чыгармаларын окушту.

Улуттук адабият күнүнө арналган адабий кечеге Түп районунун акиминин орун басары Э.Дюшебаева катышып, Ч.Айтматов менен А.Осмоновго байланыштуу оюн айтып, катышуучуларды куттуктады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1242
×