Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 12.12.2017 09:19

Түптө Балбай баатырдын келиндери концерт өткөрүшөт

Turmush -  Түп районунун Сары-Булак айыл өкмөтүндөгү шайыр апалардын «Балбай баатырдын келиндери» тобу отчеттук концерт тартуулашат. Бул тууралуу топтун жетекчиси Замира Карабекова билдирди.

Анын айтымында, топ быйылкы жылдын февраль айында район боюнча алгачкылардан болуп уюшулган.

10 айдын ичинде район, облуста өткөн ар андай иш-чараларга катышып, атайын чакырык менен Нарын, Ош облустарында болушуп, өз өнөрлөрүн тартуулап, июнь айында республикалык турга катышуу үчүн кастингден өтүшкөн. Алар жаңы жылдык көгүлтүр отко тартылып келишти.

«Жакында жаңы жыл алдында райондогу бере турган отчеттук концертинен мурун жердештерибизге — Балбай, Ак-Булак, Күрмөнтү айылдарынын жашоочуларына отчеттук концерт тартуулап, бата алалык деп чечтик», - деди З.Карабекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×