Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Ысык-Көл

Сары-Тологой айылында 16 млн сомго спорт зал курулду

Turmush -  Түп районунун Санташ айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Тологой айылында 16 млн сомдук спорт залдын курулушу аяктады. Бул тууралуу айылдык кеңештин төрагасы Кенжебек Балтабаев билдирди.

Анын айтымында, курулуш 2014-жылы башталып, ага Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан 16 млн сом бөлүнгөн.

«Курулуш иштери «Бабек» фирмасы тарабынан жасалды. Аба ырайы катаал болгон тоо койнундагы айылдагы бул спорт залдан мыкты спортчулар чыгат деген ойдобуз. Расмий ачылышы жакын арада болот», - деди К.Балтабаев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 775
Көп окулду
×