Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Ысык-Көл

Түптө «Күз майрамы — 2017» фестивалы өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөтү Көөчү айылындагы маданият үйүндө «Күз майрамы — 2017» фестивалынын алкагында «Алтын күз сапар карытып, кыш келди ак кар жамынып» аттуу күз майрамын жыйынтыкташты.

Талды-Суу, Ичке-Суу, Корумду жана Көөчү айылдарынан келишкен фермерлерди айыл өкмөтүнүн башчысы Алманбет Асакеев түшүм майрамы менен куттуктагандан кийин концерттик программа тартууланды.

Концерттик программа Талды-Суу айыл өкмөтүнүн аппараты жана айылдык маданият үйлөрүнүн адистери, китепканачылар, мектептердин мугалимдери жана музыка ышкыбоздору тарабынан тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 745
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×