Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 08.12.2017 09:48

Түптө майыптар спорттук мелдешке түштү (фото)

Turmush -  Түп районундагы Кайкин орто мектебинин спорт залында мүмкүнчүлүгү чектелген 40 спортчу турникке тартылуу, шахмат, шашки, пионербол жана баскетбол боюнча мелдеш өткөрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Оюндар башталар алдында Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Э.Дюшебаева иш-чарага катышып жаткандарды бул жашоодогу сынакта сынбас эрктүүлүктү көрсөтүп жатышкан баатырлар деп атап, мелдеште ийгиликтерди каалады.

Бул мелдеште Арал айылынан келишкен Бейшеновдун үй-бүлөсү спорттук үй-бүлө деп табылды. Э.Бейшенов турникке тартылуу менен шахматта, Э.Бейшенова шашкиде жана пионерболдо биринчи орунду ээлешти.

Пионерболдон мыкты деген спортчулар (Тасма, Балбай, Фрунзе жана Сары-Тологой айылдарынан келишкен) жана аталган жубайлар облустук мелдешке жолдомо алышты. Демөөрчүлүк кылган «Рост Средная Азия» уюмунун директору Рустам Казакбаев 40 спортчунун баарына спорт формаларын белекке берсе, райондук социалдык өнүктүрүү башкармасы иш-чарага катышкандардын баарын ысык тамак менен камсыз кылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×