Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Ысык-Көл

Тагдыр: 14 жылдан бери майып баласын баккан түптүк эне күндүзгү борбор ачууну өтүнүүдө (фото, видео)

Turmush -  Түп районунун Арал айыл аймагынын Долон айылынын 34 жаштагы тургуну Жазгүл Үмөталиева 14 жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген баласын багып келет.

Анын айтымында, ал 3 баланын энеси. Эң улуусу Кайырбек 14 жашта.

«Кайырбек биздин тун уулубуз, тубаса майып болуп төрөлгөнүн жыл өткөн сайын түшүнүп, бул Аллахтын сыноосу катары кабыл алдык. 14 жылдан бери баламдын жанындамын. Жумушка кирип, иштесем дейм. Бирок, баламды карай турчу киши жок. Жолдошум экөөбүз тең үйдөбүз. Баламдын майыптыгы үчүн мамлекеттен 3 миң сом пенсия алабыз. Ал памперсине эле кетет, ага деле шүгүр дейбиз. Мамлекет мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды күндүзү карай турган борбор ачса, мага окшогон энелерге бир топ жеңилдик болот эле. Себеби, алар балдарын карап отургандыгына байланыштуу иштей алышпайт. Ошондуктан майып балдарды караган энелерди колдоо максатында күндүзгү борбор ачылса, биз үчүн иштөөгө шарт түзүлөт эле. Бүгүн Кайырбекке социалдык жактан колдоо көрсөтүлүп, майыптык араба берилди, жардам үчүн терең ыраазычылык билдирем», - деди Ж.Үмөталиева.

Социалдык өнүгүү министринин орун басары Ж.Полотова мамлекеттен бөлүнгөн каражатка өлкө боюнча 60 майыптык араба берилгенин белгиледи.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, Арал айыл аймагында 18 жашка чейинки 58 майып адам бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1717
Көп окулду
×