Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 05.12.2017 12:29

Түптүк шайыр апалар окуучуларга эрте никеге туруунун зыяндуулугун түшүндүрүп жатышат (фото)

Turmush -  Түп райондук мамлекеттик администрациясында «Зомбулукка каршы 16 күн» бүткүл дүйнөлүк акциясынын алкагында «Шайыр апалардын кербени» уюштурулат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Райондогу «Шайыр апалар», «Зомбулукка жана эрте никеге турууга каршы» акциясын өткөрүүгө карата чогулуп, алыскы айылдарды кыдырып, эрте никеге туруунун зыяндуулугун түшүндүрүшмөкчү.

Апаларга бул акциянын келип чыгуу себептерин «Адамзат ден соолугу» коомдук бирикмесинин директору М.Муканбетов видеотасмалар аркылуу түшүндүрүп, керектүү китеп, көркөм журналдар жана баракчаларды таратты. Бул акцияга карата Түп акимчилиги тиешелүү тескеме кабыл алып, «Шайыр апалардын» кербенин колдой турганын акимдин орун басары Э.Дюшебаева билдирди.

«Ушул эле темага байланыштуу иш-чарага райондогу мектептердин парламент мүчөлөрү катышып, кызуу талкуу жогорудагы Э.Дюшебаева менен М.Муканбетовдун жетекчилиги менен өткөрүлүп, жерине барышкандан кийин «Зомбулукка жана эрте никеге турууга каршы» акциясынын негизинде «Балдарга-бактылуу балалык» театр-форумун өткөрүшмөй болушту. Бул иш-чаранын жыйынтыгы 12-декабрда райондук масштабда чыгарылат», - деди Э.Дюшебаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×