Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Түптүк 65 жаштагы Б.Молдоева хондроз оорусун алдын алган элечектерди жасайт (фото)

Turmush -  Түп районунун Түп айылынын 65 жаштагы тургуну Бурул Молдоева шайыр апалардан түзүлгөн «Керемет энелер» тобунун активдүү мүчөсү. Аймактык кабарчы элеттик кол өнөрчүдөн кабар алды.

Б.Молдоеванын артыкчылыгы шайыр апаларга жаш курагына жана социалдык абалына жараша элечектердин түрлөрүн жасап бергенинде.

«Элечектердин 8 түрү бар, бирок негизинен кыз, келин, байбиче, токол жана жесир элечектер көп пайдаланылат. Чачты өрүүнүн да жогорудай түрлөрү бар. Беш көкүл, олоң чач, турмуш кургандан кийин эки бөлүм өрүм болуп кете берет. Мына мен башымдагы 20 метр кездемеге оролгон элечекти кийип жүрөм, жайында ысыктан сактаса башка убакта моюнду койкойтуп алып жүрүү менен хондроз оорусун алдын алууда. Чач мончок тагынган энелерди денеси койкоюп, бели бекчейбей алардын да хондроз болбой жүргөнүн айтпай кетүүгө болбойт», - деди Бурул апа.

Ал Педагогикалык институттун физика факултетин бүткөндөн кийин адеп сабагынын жана башталгыч класстын мугалими болуп пенсияга чыкканга чейин эмгектенген. Айдоочу болуп иштеген жолдошу Кудайберген ата экөө 6 бала,13 неберени тарбиялап, азыр чөбөрө күтүп жатышкан кези.

Башынан кол өнөрчүлүккө жакын Бурул апа 2013-жылдан бери кыргыздын канына сиңип калган кийиз дүйнөсүнө сүңгүп кирди. «Кийиз дүйнө» фестивалында 2-орунду ээлеп, бир нече жолу «Мыкты кол өнөрчү» наамына татыган. Ал облустук мамлекеттик администрациясынын жана акимиаттын ардак грамоталары менен баалуу сыйлыктарына татыктуу болгон.

Азыр Түп айылында 10 энеден турган «Керемет энелер» шайыр апалар тобунда кыргыздын салттуу улуттук кийимдерин даңазалоо үстүндө иштеп жатат.

 

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2345
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×