Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Ысык-Көл

Түптүк окуучулар СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата өткөн сынакта күч сынашты (фото)

Turmush -  Түп районунда 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата райондук мамлекеттик администрация менен «Адамзат ден соолугу» коомдук бирикмеси атайын иш-чара өткөрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага тандалган 4 мектептин окуучуларынан турган командалар катышып, саламдашуу, эмблема, ураан жана плакаттарды презентациясы, фристайл (ден соолукка байланыштырылган макал-лакаптар), ВИЧ/СПИДке байланыштуу чакан көрүнүштөр тартууланды. Үйдөн даярданып келишкен «Сергек жашоо турмушун үгүттөгөн» сценкалар коюшту. Калыстар тарабынан ВИЧ/СПИДге карата даярдалган суроолорго жоопторду беришти. «Адамзат ден соолугу» коомдук бирикмесинин ыктыярчылары флешмоб өткөрүштү.

Акырында ирети менен жайгашкан 123 упай топтогон Ынтымак айылынын «Ынтымак», 116 упай топтогон Токтоян айылынын «Үмүт», 100 упай топтогон Сары-Тологой айылынын «Күч бирдикте», 89 упай топтогон Ой-Тал айылынын «Ден-соолук» командаларына грамоталарды, ыраазычылык каттарды, баалуу белектерди Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Э.Дюшебаева тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 889
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×