Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 30.11.2017 16:57 Жаңыланды: 30.11.2017 18:43 На русском

Табышмактуу өлүм: Камыштын арасынан табылган түптүк тургундун сөөгүн милиционерлер көмүшкөн (фото)

Turmush -  Түп районунун Бирлик айылынын 1977-жылы туулган тургуну Эркинбек Албановдун сөөгү ушул жылдын 19-октябрында айылдан 4 чакырым алыстыкта камыштын арасынан табылган. Андан бери экспертизанын жыйынтыгы чыкпай, маркум эмнеден каза болгону билинбей жатканын жакындары айтып, иш каралбай жаткандыгына нааразы болууда, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маркумдун эжеси Венера Албанованын айтымында, алгач инисин айдоочу сүзүп, унаасына салып барып алыс жерге таштап кеткен деген версия айтылган.

«Ушул жылдын 20-сентябрында Ак-Суу районунда жашаган эжем биздин айылга келген. Эртеси, 21-сентябрда аны иним жолго узатып чыгыптыр. Жолдо кетип бара жатканда алар кошуна эжеге кезигишкен экен. Ал эже кечинде мончо жагарын айтып, түшүп ал деген экен иниме. Иним эжемди узатып жолго баратканда айылдын ичинен эле унаа чыгып калып, эжем дароо түшүп кеткен экен. Иним айылда калыптыр. Ал М.Д. аттуу кишинин үйүндө уста болуп иштечү. 21-сентябрда устанын үйүнө куда келип, иним ошол жакта болгон экен. Той ээсинин инисинин айтымында, ошол күнү иним айылдагы балдар менен жүргөнүн, кызуу абалда экендигин жана андан кийин кайда кеткенин билбегенин айтты. Ал эми кошунабыз инимди эжеси менен Ак-Сууга кеткен экен деп ойлогон. Иним үй-бүлөдө эң кичүүсү болчу. Апам 79 жашта, буту баспайт. Мен 2-октябрда апамды Бишкектен алып айылга барсам, үйдө иним жок экен. Кошунадан сурасам, эжесин узатып кетип бараткан, ошол бойдон келген жок деди. Мен эжеме чалсам, телефону өчүк экен. Ошол бойдон биз аны Ак-Сууда го деп ойлогонбуз. Көрсө иним ошондо эле өлгөн тура», - дейт Венера Албанова.

Ошондой эле ал, инисинин жансыз денесин кой кайтарып жүргөн бала көрүп, милицияга кабарлаганын белгиледи.

«Бул күндөр аралыгында байкеме айыл тургуну М.Калыгул келип: «иниңизди унаа сүзүп, аны Талды-Суу айылын көздөй ак унаа салып кетиптир» деп айтыптыр. Агам Эркинбек Ак-Сууда деп жаман ойлогон эмес экен. Анан 19-октябрда кой кайтарып жүргөн бала Талды-Суу менен айыл ортосундагы камыштардын арасынан инимди көрүп, милицияга кабарлаптыр. Ал эми милиция кызматкерлери 22-октябрда маркумдун жакындары табылган жок деп Талды-Суу айылынын эски мүрзөсүнө алып барып көмүшүптүр. Алар телевидение аркылуу кулактандыруу берип коюшса же участкалык милиционерлер аркылуу издешсе дароо таанылмак да. Милиционерлер шайлоо учурунда бош болбогонун билдиришти. Биз уккандан кийин 24- октябрда мүрзөдөн барып сөөгүн казып келип, айылга көмдүк. Милиционерлер ачпагыла дегендиктен жалгыз инибизди жуунтуп, тазалап, адамча кое алган жокпуз. Көздөрү курттап кеттиптир. Иним албырлуу жигит болчу, ага бир, эки кишинин алы келбейт эле. Камыш айылдан 4 чакырым алыстыкта экен. Иним ошол күнү кызуу болсо да ошончо алыс барып жатпайт болчу. Аны унаа менен эле салып барып, таштап кетишкен. Мен бул иш боюнча милицияга кайрылып арыз жазгам. Азырынча экспертизанын жыйынтыгы келсин деп карабай жатышат. Башында агама аны сүзүп кеткендигин айткан бала эми сөзүн танып жатат. Кийин мен камыштардын арасына барып, иним табылган жерди сүрөткө тартып келдим. Кан болгону көрүнүп турат. Экспертизанын жыйынтыгы бир айда чыгат дешкен бирок чыга элек», - деди маркум Эркинбек Албановдун эжеси.

Ал эми Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан аталган факт болгонун тастыкташып, Бишкек шаарына көз карандысыз экпертизага жөнөтүлгөнүн айтышты.

«Эгер экспертизанын жыйынтыгы боюнча Түп районунун тургуну киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгү аныкталса анда кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлөт. Учурда экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз», - дешти ОИИБден.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×