Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ысык-Көл

Түптүн тургуну баштыктагы баңгизаты менен кармалды

Turmush -  Түп районунун тургуну баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 29-ноябрда ИИМдин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча МБЖКККнын кызматкерлери жана Түндүк бажы кызматынын кинологдору Түп районунун Михайловка айылында ыкчам-иликтөө иштерин өткөрүштү. Иш-чаранын негизинде 40 жаштагы жергиликтүү тургун А.Нурдинди өздүк кароо жүргүзүү мезгилинде, колунда көтөрүп жүргөн целлофан баштыгынын ичинен 520 грамм гашиш баңгизаты табылып алынды.

Кармалган адамдын өздүгүн аныктоодо, ал мурда каракчылык кылмышын жасагандыгы үчүн мурда соттолгондугу белгилүү болгон. Аныкталган баңги кылмышы боюнча Түп РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же болбосо психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1093
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×