Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 25.11.2017 10:45

Фото — Түптө сазга тыгылып жаткан экскаваторду чыгаруу аракеттери көрүлүүдө

Turmush -  Түп районунун Сары-Дөбө айылында сазга тыгылып калган экскаваторду чыгаруу аракеттери көрүлүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ӨКМдин райондогу башкармалыгынын жетекчиси Б.Казакбаев билдирди.

Анын айтымында, экскаватор Түп—Токтоян жолундагы көпүрөнү оңдоо үчүн алынып келген болчу. Иштер аткарылып жаткан учурда Талды-Суудагы №4 жол тейлөө ишканасынын айдоочусунун этиятсыздыгынан улам көпүрөнүн жанындагы сазга тыгылып калган.

«Учурда унаанын тегерегиндеги суулар сордурулуп жатат. Андан кийин экскаваторду баткактан чыгаруу иштери жүрөт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×