Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Ысык-Көл

Түптө мыкты спорттук үй-бүлө аныкталды (фото)

Turmush -  Түп районунда «Мыкты спорттук үй-бүлө - 2017» мелдеши болуп, ага 6 үй-бүлөлүк команда катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мелдеште командалар саламдашуу салтынан баштап топ, алкак, мүшөк, жаздык, шар буюмдарды колдонгон оюндарда ат салышып, өз чеберчилигин көрсөтө алышты.

Калыстардын жыйынтыгы менен биринчи орунду былтыр да чемпион аталган Шаты айылынан келишкен Арстанбек Алымбековдун «Нур» спорттук үй-бүлөсү ээлеп, кубок, медаль, баалуу белектер менен бирге облустук мелдешке катышууга жолдомо алышты. Экинчи орунду Талды-Суу айылынан келишкен «Күч бирдикте», 3-орунду Кош-Дөбө айылынан келген «Алга» командасы ээлешти.

Түп райондук спорт комитетинин инструктору Э.Майкадановдун айтымында, баалуу белектерди райондук администрация, медаль, грамоталарды Ысык-Көл облусунун жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы алып берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1769
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×