Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Ысык-Көл

Фото - Түптүк окуучу республикалык кинофестивалда жеңүүчү аталды

Turmush -  Түп районунун Чоң-Тогузбай айылындагы К.Мамытов атындагы орто мектептин 10-классынын окуучусу Салават Жангабылов республикалык кинофестивалда жеңүүчү аталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

«Нур Fm» жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчы-кабарчысы болуп иштеген Салават Жангабылов «Карек» балдар жана өспүрүмдөрдүн 2-республикалык кинофестивалына айыл турмушу тууралуу тарткан «Life»тасмасы менен катышты. Кинофестивалда анын тасмасы мыкты тасмалардын алдыңкы 5 тобуна кирип, атайын диплом жана планшет менен сыйланды.

«Тарткан тасмамды сынакка салып жибергенден кийин атайын чакыруу келди. Бишкекке баргандан кийин белгилүү кыргыз кино ишмерлери Садык Шер-Нияз баш болгон кинорежиссёрлордон мастер-класс алдык. Алардан кинонун сырларын үйрөндүк. Сыйлык тапшыруу аземинде кызыл килем үстүндө бара жатканда өзүмдү Голливуд жылдыздарындай эле элестеттим. Жаңы досторду таап, белгилүү адамдар менен бирге сүрөткө түштүк», - деди С.Жангабылов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1328
×