Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Ысык-Көл

Түпкө Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси келди

Turmush -  Түп районуна Швейцария мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Вероник Ульман айым келди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Элчи адегенде аймактык ооруканада болуп, 125 миң щвейцария франкына алынган, андан кийин үй-бүлөлүк медициналык борборунда болуп, 75 миң щвейцария франкына алынган медициналык аппарат, техникалардын абалы менен таанышып, алардын иштөө тартибин көрдү. Ал долбоорду ойдогудай ишке ашырып жаткандарга ыраазычылыгын билдирди.

Үй-бүлөлүк медициналык борборундагы дарыгерлер менен кездешүүдө элчи айым долбоордун жакшы жактары жана кээ бир кемчиликтери, аларды жоюунун жолдору тууралуу талкуулашты.

«Түп районундагы саламаттыкты сактоо автономиясы 3 жылдан бери пилоттук негизде долбоорду турмушка ашырып келишет. 2015-жылы окуулар болуп, 2016-жылы райондогу ФАПтарды интернеттештиришип, ноутбук, принтер жана интернет модемдер менен камсыз кылынса, долбоордун талабына ылайык райондун борборунан алыс жайгашкан медициналык мекемелерге 3 автомашина, дары-дармектер берилген. Акыркы айда Үй-бүлөлүк медициналык борбору менен Түп аймактык ооруканага заманбап медициналык аппараттардын түрү 200 миң швейцариялык франкка алынып келип орнотулду», - деди пилоттук долбоор башталгандан бери үзгүлтүксүз катышып келе жаткан адис жана дарыгер Кубанычбек Алмабеков.

Вероник Ульман айым менен Ысык-Көл облустук администрациясынан, облустук медицина мекеме жетекчилеринен жана Түп районунун акимиятынын, медициналык мекемелеринин жетекчилеринен тиешелүү адамдар чогуу жүрүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 914
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×