Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ысык-Көл

Түптүн Кош-Дөбө айылындагы башталгыч мектепке кичи автобус белекке берилди (фото)

Turmush -  Түп районунун Кош-Дөбө айылындагы 4-класстык башталгыч мектепке 14 орундуу кичи автобус белекке берилди. Бул тууралуу мектептин директору Кубаныч уулу Бакыт билдирди.

Анын айтымында,  кичи автобусту алууга эл өкүлү жардам көрсөттү.

«Кош-Дөбө айылындагы мектептин окуучулары 5-класстан баштап айылдан 8 чакырым алыстагы айылга барып окушчу. Жазында баткактан, кышында кардуу бороондон азап чеккен 60 окуучуну Долон айылына ташып-келүү үчүн Түп акимиатынын кийлигишүүсү менен ЖКнын депутаты Жунус уулу Адылбек өз каражатына кийи автобус сатып берди. Аны эл өкүлүнүн кеңешчиси Нурлан Мамбеталиев алып келип, балдарды жана ата-энелерди кубантып отурат. Бул унаанын күйүүчү майын, оңдоо иштерине каражатты Арал айыл өкмөтү, айдоочунун эмгек акысын Түп райондук билим берүү бөлүмү каржылайт. Унаадан тышкары Арал айыл өкмөтү бир комплект компьютерди башталгыч мептепке белек кылды. Балдардын келечеги, ден соолугу, билими үчүн колдоо көрсөткөндөрдүн баарына терең ыраазычылык билдиребиз», - деди директор.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1483
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×