Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Ысык-Көл

Каркырада кардын калыңдыгы 1 метрден ашты (фото)

Turmush -  Түп районунун Каркыра айылына жааган кардын калыңдыгы бир метрден ашты, деп билдирди аталган айылдын башчысы Кубанычбек Түлөбердиев бүгүн, 17-ноябрда.

Анын айтымында, бул аймакта кыш 8 айга созулат.

«Малдын баарына тоют, жемин колдон берип жатабыз. Каркыралыктар отун-суубузду камдап алгандыктан 8 айга созулган кышка көнүп деле калдык. Телефондор иштейт, санариптик көрсөтүү ар бир кожолукта көрсөтүлөт. Түп—Каркыра жолун Талды-Суудагы №4 жол тейлөө ишканасы тазалап жатат. Кар калың жаагандыктан 2 күндөн бери жолду тазалап жетише албай жатышат. Жол эле болбосо кышкысын башка көйгөй жок», - деди К.Түлөбердиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1188
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×