Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Ысык-Көл

Түптүн жаш тогуз коргоолчулары Монголияда өтө турган Азия чемпионатына жолдомо алышты

Turmush -  Түп районунун Талды-Суу айылындагы М.Элебаев атындагы мектептин окуучулары тогуз коргоол боюнча Бишкекте өткөн республикалык чемпионатында жеңишке жетишти. Бул тууралуу КРнын тогуз коргоол боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу, мектептин дене тарбия мугалими Канат Кендирбаев билдирди.

Анын айтымында, жеңишке жеткен бир кыз, 5 бала 2018-жылы июль айында өтө турган Азия чемпионатына жолдомо алышты.

«Жаштар арасында Азия чемпионатынын тандап алуу мелдеши 14-19 жашка чейинкилер арасында 4 тайпага бөлүнүү менен өттү. Кыргызстан боюнча Монголияга Азия чемпионатына берилген 24 жолдомонун 8 жолдомосу Ысык-Көл облусуна тиешелүү болсо, Түп району 7 жолдомого, Жети-Өгүз району бир жолдомого ээ болушту. Ал эми менин тарбиялануучуларым — Нургиза Чиңгизова, Элдияр Айбеков, 7-класстын окуучулары — Жеңишбек Калыков, Жолдош Нурбеков, Бакыт уулу Дастан жана 6-класстын окуучусу Акбар Табалдиев мелдеште жеңүүчү деп табылып, Азия чемпионатына жолдомо алышты. Түптөн дагы бир кызыбыз — Азия чемпионатынын катышуучусу, Бирлик орто мектебинин окуучусу Руслана Аманова да жолдомого ээ болду», - деди К.Кендирбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 933
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×