Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Ысык-Көл

Түптүн жаш депутаттары акыл таймашка катышат

Turmush -  Каракол шаарындагы облустук китепканада Ысык-Көл облусундагы район жана шаарлардан 35 жашка чейинки айылдык жана шаардык кеңештердин жаш депутаттары арасында «Акыл таймаш» интеллектуалдык сынагы өтөт.

Ысык-Көл облустук жаштар жана спорт иштери боюнча комитети уюштуруп жаткан бул сынакка ар бир райондон 5тен жаш депутат катышат.

«Сынакта жөн гана логикалык суроолорго жооп бербестен өзүбүздүн депутаттык милдеттерибиз тууралуу да сөз болот. Түп районунан катышкан команда намысты колдон чыгарбайлы деп даярданып жатабыз», - деди Түп районундагы Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Азамат Бөлөков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 340
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×