Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусуТүп району 01.11.2017 12:20

Айыл турмушу: Түптүк фермер Голландиядан алып келген тооктордон күнүнө 2 миң жумуртка алат (фото)

Turmush -  Түп районунун Күрмөнтү айылынын тургуну Байгазы Оморов 2 жылдан бери «Чадан» тоок фермасын иштетүүдө. Аймактык кабарчы фермерден кабар алды.

Б.Оморовдун айтымында, ал 2 жыл мурун Голландиядан жумуртка багытындагы ак тоокторду алып келген. Учурда күнүнө 2000 даана жумуртка алат. Жубайы Алымкан Балканова тоокторго өз маалында жем жана кошумча тоюттарды берип турат.

«Азыркы тапта келишимдин негизинде 10 жумуртканы 60 сомдон сатып жатабыз. Тоокторду 2 жыл багып, андан соң союп, ордун жаш тооктор менен толуктап турабыз», - дешти жубайлар.

Мындан тышкары, Б.Оморов 1991-жылдан бери мал чарбасын өнүктүрүү менен алектенет. Ал 4 жыл мурун айылдаштары менен бирге «Нуркайнар» дыйкан чарбасын түзгөн. Учурда 20га жакын үй-бүлө биригип, 200 гектардан ашуун жерди иштетип, мал багышат. Ошондой эле, ал 2 гектар жерге отургузган алмуруттун көчөттөрүнөн алгачкы түшүм алууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×