Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 24.10.2017 11:54

Айыл турмушу: 18 жаштагы А.Талыпова жазган ырларын чогултуп, китеп чыгарды (фото)

Turmush -  Түп районунун Ынтымак айылынын 18 жаштагы тургуну Айдана Талыпова 3-класстан бери ыр жазып, чыгармачылык менен алектенет. Аймактык кабарчы жаш акын менен таанышты.

«Чоң таенемдин айтымында, мен төрөлөрдө айдын нуру өзгөчө жаркырап жана түшүнө куш кирип, аян бериптир. Ошондон улам мага ай деген сөздөн башталган ысым коюшуптур. 2006-жылы айылдагы мектепке кирип, окуп баштадым. Ошол мезгилден бери күбө болгон окуяларымды, жаратылыштын кооздугун баракка түшүрүп, ыр жазып келем. Мектепте окуп жүргөндө ар түрдүү сынактарга катышып, жеңүүчү болдум. Кийин 17 жашымда жазган ырларымды топтоп, китеп кылып чыгардым.

Бүгүнкү күндө адабий кечелерге катышып, белгилүү акындардын чыгармачылыгы менен таанышып жатам. Алыкул Осмоновду абдан баалайм. Анын чыныгы жашоосун көзүм менен көрбөсөм да, ырларын окуп, жүрөгүм менен сезем. Бала кезимден бери ыр жазып, белгилүү акын болсом деген тилегим бар эле. Ошол тилектерге жетип келе жатам», - деди ал.

Жаш акын учурда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде 1-курста окуп жатат. Ал үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×