Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ысык-Көл

Түптө мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди (фото)

Turmush -  Түп районунда мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, райондун акими С.Исмаилов өзүнүн негизги кесиби мугалим болгондуктан кесиптештерин, окуткан мугалимдерин кесиптик майрамы менен куттуктап, облус жетекчилиги жана райондук администрациянын грамоталарын жана ыраазычылык каттарын тапшырды.

Педагогика илимдеринин доктору, коомдук жана саясий ишмер Ж.Каниметов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Такаев, райондук профсоюз комитетинин төрагасы М.Сыдыковдор кесиптештерин майрамы менен куттукташып, эмгектин алдыңкыларына министрликтин жана райондук билим берүү бөлүмү менен профсоюздук комитеттин ардак грамоталары, ыраазычылык каттарын жана баалуу белектерин тапшырышты.

Бул салтанатта 2016-2017-окуу жылындагы мектептер арасындагы жетишкендиктердин жыйынтыгы да чыгарылып, биринчи орун жана 5 миң сом сыйлык Кутургу айылындагы К.Үсөнбеков атындагы мектепке ыйгарылды (директору Ш.Мырзабаева).

Экинчи орунду жана 3 миң сомду Ж.Ашымов атындагы Арал орто мектеби (директору Г.Жаңыбаева) алса, 3-орун жана 2 миң сомду Түп айылындагы Карымшаков орто мектебине (директору В.Павлова) Түп райондук профсоюздук комитетинин төрагасы М.Сыдыков тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 322
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×