Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө 11 баланын кош бойлуу энеси тыюу салынган адабияттар үчүн 3 жылга камалды (фото, видео)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районунда 11 баланын кош бойлуу энеси тыюу салынган адабияттарды сактагандыгы үчүн 3 жылга соттолду.

Жолдошу Нурмат Асаналиевдин маалыматына караганда, үй-бүлөсү Түп районунун Ой-Булак айылында жашайт. Анын 42 жаштагы жубайы Назира Асаналиева 15 жылдан ашык убакыттан бери намаз окуйт. Алардын 11 баласы бар жана учурда жубайы кош бойлуу. Аталган үй-бүлө чакан чарба менен алектенип, алма бакты ижарага алып иштетет.

Анын айтымында, үйүнө 5-март күнү болжол менен саат 07:00 чамасында УКМКнын жана Түп РИИБдин кызматкерлери келип, текшерүүгө уруксат кагазын көрсөтүп, үйдү тинтүүгө алган. Текшерүү учурунда үйдүн ичинен анын жубайы жана балдары окуган 10го жакын китеп табылган.

«Китептердин бардыгына муфтияттын мөөрү басылган. Үйүбүздө тыюу салынган китептерди сактаган эмеспиз. Бирок алар «Хизб-ут Тахрирге» тиешелүү болгон «Ислам Шахсиясы» деген тыюу салынган китепти көрсөттү. Бул кырдаал үй-бүлөбүзгө жана балдарыбызга таасирин тийгизбеши үчүн жубайым китеп өзүнүкү экендигин билдирди. Бирок чындыгында андай эмес. Сот жубайыма 2 ай айылдан чыкпай туруу чечимин чыгарган. Ушул жылдын 26-сентябрында райондук сотто отурум болуп, жубайымды 3 жылга эркинен ажыратты. Биз бул чечимге каршыбыз. Биринчиден, аталган китеп бизге тиешелүү эмес. Экинчиден, биз айылдагы үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн бирибиз. Айыл эли сыяктуу жашап, балдарыбыз эч нерсеге муктаж эмес, бардыгы жетиштүү. Назиранын 3 айлык боюнда бар жана кичүү кызыбыз болгону 1 жашта. Сот отурумунда кошуналарыбыздын, жакындарыбыздын бизге берген мүнөздөмөсүн жана УЗИнин кош бойлуулук тууралуу тыянагын көрсөттүк. Бирок сот буларды эске албай, жубайымды 3 жылга эркинен ажыратты», - деди ал.

Учурда үй-бүлө Ысык-Көл облустук сотуна даттануу арызы менен кайрылды.

«Күч органдары үйүбүздү тинтип жатканда аталган китепти өздөрү кошуп коюшу мүмкүн. Өзүм, жубайым жана 7 балам болуп намаз окуйбуз. Бирок үйдө өзүм гана 10 жылдан бери «Хизб-ут Тахрир» уюмунун мүчөсүмүн. 2003-жылы аталган уюмга мүчө болгондугум үчүн 1,5 жылга соттолгом. Ошондуктан, мен мунун кандай экенин билип, үйүбүздө тыюу салынган китептерди кармачу эмесмин. Жубайым жана балдарым кандайдыр бир уюмга мүчө эмес. Динге ашынып берилген эмеспиз, эл сыяктуу жашайбыз. Айылда 5 гектар алма бакчаны ижара алып иштетип, ал үчүн 300 миң сом төлөйм. Калган киреше өзүмдө калат. Ошондой эле, мал багып, өзүбүздүн эмгегибиз менен жашайбыз. Эки кызым турмушка чыккан», - деди ал.

Нурмат Асаналиев 5 баласы мектепте окуучу экенин жана 1 жаштагы кичүү кызы апасына көнүп калгандыктан түндө уктабай, кыйнап жаткандыгын кошумчалады. Ошондой эле, ал жубайынын абалына тынчсызданып жатканын билдирди. Аны кош бойлуу экенине карабастан Каракол шаарындагы убактылуу кармоочу жайга которушкан.

 Аталган үй-бүлө бийликтен жана соттон көйгөйлөргө көңүл буруп, ишти кайрадан карап чыгууну суранды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6734
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×