Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Түптүк дыйкан Ысык-Көл өрөөнүнө дарбыз өспөйт деген түшүнүктү жокко чыгарды (фото)

Turmush -  Түп районунун Талды-Суу айылынын тургуну Демелов Шайлоо быйыл дарбыз эгип, түшүмдүн эң чоңу 10 килограммга жетти. Ш.Демеловдун айтымында, ал дарбыздар мынча чоң болот деп ойлогон эмес.

«Кийинки жылы дарбыз менен бирге коон дагы өстүрүүнү пландап жатам. Буга чейин Көл өрөөнүндө дарбыз бышпайт деп айтылып келген. Бизде өскөн дарбыздар түштүк жергесинде өскөндөй болбойт. Быйыл Ысык-Көлдө көп жерде дарбыз эгилиптир. Бирок эң чоңу 3-4 килограмм гана болду. Биздин түшүм жакшы, балким айылыбыз күңгөй бетте жайгашкандыктан чоң болгондур. Дарбыздын үрөнүн Оштон алып келгем. Аны өстүрүү үчүн болгон аракетимди жумшадым», - дейт элеттик дыйкан.

Ал 20 сотых жерге дарбыз эигп, биринчи түшүмүн айылдаштарына ооз тийгизип чыкты.

«Бул киши баба дыйкандай талбай эмгектенген адам. Анын балдары мектепти эчак бүтүп кетишкен. Ошентсе дагы бүгүн мектепке өз түшүмүн ооз тийгизгени алып келиптир. Дарбыз жаңы үзүлгөн үчүн абдан даамдуу болуп, жыты да буркурайт экен», - дейт кыргыз тилчи мугалим Өмүрканов Анархан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 731
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×