Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Түптүк 33 жаштагы Улан хоббиси аркылуу киреше табууну өздөштүрдү (фото)

Turmush -  Түп районунун Сары-Тологой айылынын 33 жаштагы тургуну Улан Дөөлөтбаев хоббиси аркылуу киреше табууну өздөштүрдү.

У.Дөөлөтбаевдин айтымында, ал бала кезинен бери териден камчы, ээр токум жасайт.

«8-класстан баштап улак тартып жүрүп, атка ыңгайлуу ээр токум жасоону Кең-Суу айылындагы Абен абамдан үйрөнүп, 11-классты бүткөндөн кийин баш отум менен ушул ишке кирип кеттим. Азыр 3 түрлүү ээр токум жасайм. Малчылар үчүн 5-8 миң сомго, ат оюндары үчүн 10 миң сомго чейинки ээрлерди жасап, сыйга токулуучу ээрлерди  40 миң сомдон жогору сатам. Буларды буйрутма менен жасасам, жаалардын баасын 8-10 миң сомдон, камчылардын түрүн бир миңден 3 миң сомго чейин жасап сатам. Алгач хоббим болгон теричилик иштерим негизги кесибиме айланып, 4 жылдан бери өз алдынча Каракол шаарында устакана ачып иштеп жатам.

Жубайым Шахризада экөөбүздүн 5 жаштагы Абдусамат, 3 жаштагы Айбийке аттуу балдарыбыз бар, алар бала бакчага барышат. Өзүм пенсиядагы ата-энемдин тун баласымын. Өзүмдөн кийинки 6 бир тууганыма баш-көз болуп, ата-энеме жардам берейин деп 11-классты бүтөрүм менен окубай, кыргыздын улуттук улуу кесибин аркалап келе жатам», - дейт У.Дөөлөтбаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 386
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×