Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ч.Айтматов жашаган Чоң-Бет капчыгайындагы үй (фото)

Turmush -  Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов «Ак кеме» повестин жараткан Чоң-Бет деп аталган ажайып кооз жерге Роза Айтматова баш болгон топ келип кетти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Чоң-Бет Түп районунан Каркыра жайлоосуна кетип бара жаткан жерде жайгашкан. Ал жерде карагай, арча, шилби жана кийин тигилген кайың, теректер кыналышып асман тиреп турат.

Аталган топ Санташ айыл аймагынын жашоочулары менен бирге Ч.Айтматов баскан жерге барып, боз үйдө жана Түп дарыясынын жээгинде болушту. КРнын Жазуучулар союзунун мүчөсү Асан Ахматовдун «Жомоктон кийин — адам, жер жана экологиянын түбөлүк байланышы» аңгемесин, андагы экологиялык абалдын ошол кездеги жана ушул кездеги абалын талкуулашты.

Экс-президент Роза Отунбаева ушундай чыгарманы жаратууда Ч.Айтматовдун көрөгөчтүгүн жана каармандарды таба билгендигин белгиледи. Жарым кылым мурда жазылган чыгарманын изи менен келишкен «Айтматовдун Ысык-Көлдүн айланасындагы жерлери боюнча тур» жүрүшүнүн катышуучулары, «Курак» коомдук фондусу менен «Адамзат ден соолугу» коомдук бирикмесинин ыктыярчылары чыгармадан эпизоддорду көрсөтүп беришти. Жергиликтүү калктын ичинен Ч.Айтматовдун өзү менен баарлашкан адамдардан чыгарманын жазылыш тарыхын да өз ооздорунан угушту.

«Баарынан кызыгы — Ч.Айтматовдун чыгармаларынын жолу менен келишкен топ кеткен түнү Чоң-Беттин ичинен бугулардын мөөрөп, бири-бирин кезектеги куутка кирүүгө чакырганы болду», - деди Чоң-Бет токой бөлүгүнүн токойчусу С.Оңгорбеков.

Бул аймактагы эски үйдө 1970-жылы Ч.Айтматов Момун чал менен жашап, «Ак-Кеме» чыгармасын жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1061
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×