Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ысык-Көл

Түптө «Өз кан басымыңды бил» акциясы башталды (фото)

Turmush -  Түп районунда 25-30-сентябрь күндөрү «Өз кан басымыңды бил» акциясы өтөт.

Акция учурда райондогу үй-бүлөлүк ден соолук борборлорунда, соода түйүндөрдө жана райондун 36 айылында жүргүзүлүп баштады. Медайымдар — Шайлоо Асакеева менен Айгүл Асаналиева кан басымды текшерип жаткан эки пунктта болушту.

«Бүгүнкү күндүн социалдык оорусуна айланган артериялык кан басымдын абалын билүүгө кызыккандар арбын экенине күбө болдук. Түп айылынын 1961-жылы туулган тургуну Абдылдаев Кубатбек Султанович акыркы жылдары Россияда иштеп жүрүп келгенине аз күн болуптур. Кан басымын текшертип, нормадан ашык экенин уккандан кийин: "Россиядан кан басымды акысыз текшерүүнү көрмөк турсун, уккан жокпуз. Өмүрүмдө биринчи жолу кан басымымды текшертип жатам" деди. Бул демилге ооруларды алдын алуу үчүн жарандарыбызга көргөн камкордук», - деп белгилешти медайымдар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 280
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×