Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Түптөгү мектепте жамааттык бала бакча ачылды (фото)

Turmush -  Түп районунда В.Кайкин атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде «Бүчүр» жамааттык бала бакча ачылып, ага 100 бала тартылды.

Бала бакчанын ачылышына Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Э.Дюшебаева, билим берүү тармагынын адистери жана ата-энелер катышып, кызыл тасма салтанаттуу кесилди.

Мектептин директору К.Калпакованын айтымында, мектепте 2014-жылы 25 баланы камтыган топ ачылып, 3-6 жашка чейинки бала бакчага барбаган балдарды чогултуп ардагер мугалим Дамира Алиева ата-энелердин каржылоосу менен 3 жылдан бери окутуп келген.

«2015-жылы КР билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы «Билим берүүдөгү глобалдык кызматташуу» долбооруна катышып, Дүйнөлүк өнүгүү банкы каржылаган «Мектепке чейинки билим берүү бөлүмү» долбоорунан утушка ээ болдук. Бул иштин ийгиликтүү ишке ашышына Түп айыл өкмөтүнүн салымы зор. 500 миң сом бөлүп ремонт иштерин, жылытуу системасын алмаштырып, оюн аянтчасын темир кашаа менен курчап берди. Долбоордун негизинде 263375 сомго оюн аянты жасалды. 14558 сомго оюнчуктар алынып, 21491 сомго окуу методикалык материалдар, 24634 сомго көрсөтмө куралдар алынып, 276355 сомго эмеректер алынды», - деди К.Калпакова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 683
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×