Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Айыл турмушу: 21 жаштагы комбайнчы А.Султанов бир гектардагы дан эгиндерин 1,2 миң сомдон жыйнайт (фото)

Turmush -  Түп районунун Бирлик айылынын 21 жаштагы тургуну Арген Султанов комбайны менен өзүнүн районун гана эмес Чүй облусунун тургундарынын да жерин айдап, эгинин жыйнайт. Ал аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн көрсөткөн кызматы үчүн акы албайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Үч жылдан бери атамдын комбайны менен жаз мезгилинен күзгө чейин иним экөөбүз талаага чыгып, тургундардын жерин айдап, эгинин жыйнайбыз. Алар менин жашыма карабай мага ишенишкендигине кубанам. Ал эми, тургундар менин жасаган ишиме ыраазычылыгын билдирип турушат. Бир гектар жердеги эгинди жыйноо үчүн 1200 сом жана 20 литр май алам. Бирок мындай акчаны төлөөгө айрымдардын мүмкүнчүлүгү жок. Кээ бир үй-бүлөлөрдүн 5-6 баласы бар. Алардын ата-энеси иштебейт жана бир уйдун сүтү менен жашашат. Мындай аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн эгинин акысыз жыйнап берем. Алар эгинди чабуу үчүн комбайнга май куюп беришет. Эгер мүмкүнчүлүгүн болсо жардам берүү керек. Алардын калоо-тилеги алган акчадан жогору турат», - деди ал.

Аргендин айтымында, комбайндан тышкары анда башка айыл чарба техникалары да бар.

«Эң негизгиси бул ишти мыкты өздөштүрүү керек. Техникаларды башкарганды жана ал бузулуп калганда кантип оңдоону билсең абдан жакшы. Айыл чарба техникалары талаада бузулуп калышы мүмкүн. Ошондуктан, өзүң бардыгын билишиң керек. Кийинки жылы атам экөөбүз жаңы техникаларды алып келүүнү пландап жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 716
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×