Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 22.09.2017 09:22

Түптө мамлекеттик тилдин 28 жылдыгы белгиленди (фото)

Turmush -  Түп районунун Талды-Суу айылында М.Элебаев атындагы орто мектепте мамлекеттик тилдин 28 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынын жетектөөчү адиси Тамара Оторбаева билдирди.

Анын айтымында, район боюнча ушул жылдын 15-сентябрынан тартып мамлекеттик тилди жана «Манас» эпосун даңазалоо, ошондой эле калк арасында кеңири жайылтуу максатында үч айлык жарыяланган. Окуучу балдар ата-энелер менен бирге кыргыз тилине байланыштуу ырларды ырдап, санат-насыят, макал-лакаптарды жана «Манас» эпосунан үзүндү айтышып, чакан театрлаштырылган оюндарды көрсөтүштү.

«Баланы бешикке салуудагы ырым-жырым жана андагы айтылган учкул сөздөр кыргыз элинин мамлекеттик тилинин канчалык маанилүү экенин жана коомдогу орду баа жеткис экенин далилдеди», - деди адис Т.Оторбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×