Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

«Жубайлар»: Түптүк Р.Жанымановдун жубайына баш кошуусуна ашлямфу себепкер болгон (фото)

Turmush -  «Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Түп районунун Долон айылынын 65 жаштагы тургуну Рыскелди Жаныманов жана жети-өгүздүк Бурул Урманбетова. Мындан 40 жыл мурда баш кошкон жубайлар учурда Каракол шаарында жашашат. Р.Жаныманов алардын кызыктуу турмушу жөнүндө аймактык кабарчыга айтып берди.

«10-классты бүтөрүм менен Советтик Армиянын катарында кызмат кылып жүрүп, Ташкенттеги жогорку аскер окуу жайына өтүп кеттим. Үйдөгүлөр макулдугун бербей койгондон кийин айла жогунан айылга келүүгө туура келди. 6 айлык айдоочулук курсту бүткөндөн кийин облустук суу чарбасында (УОС) айдоочу болуп калдым. Ал эми Бурул бухгалтердик курсту бүткөндөн кийин дагы бир кыз менен келип, бизде иштеп калды. Киного чакырсам барбайт, майрамдарда белек алып барсам жөн гана алып коет. Экөөнө тең бирдей мамиле кылгандыктан алар бири-бирине тоскоол болбойлу деп жүрүшүптүр. Менин оюм Бурулда эле. Аны байкап жүрсөм, ашлямфуну абдан жакшы көрөт экен. Бош боло калса эле ашлямфуга барат. Ал барары менен мен да даяр боло калам. Ошентип жүрүп ашлямфуга чогуу бара баштадык. Үйлөнөлү десем эле так секирет. Бир күнү ашлямфуга чакырып туруп, ала качып кеттим. 3 уул, бир кыздуу болдук», - дейт Р.Жаныманов.

Ал өзү аскер адамы боло албай калгандан кийин балдарын аскер кызматкери кылууну каалаган.

«Балдарымды аскер кызматкери кылайын деп жүрсөм, балдарым эле эмес, келиндерим да аскер кызматкери болуп калышты. Улуу балам Бакыт полковник, келиним Кымбат аскер бөлүгүндө медайым, кызым Гүлзаттын күйөөсү Руслан подполковник, уулум Азамат майор болсо, кенже уулум Саламат кенже лейтенант, келинчеги Бурул өзү менен бирге иштешкен бухгалтер. Неберем Бектур үчөөбүз чогуу жашап жатабыз. 7 неберебиз бар», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 753
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×