Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ысык-Көл

Түптүн күлүктөрү 3 алтын, 2 коло медаль утушту (фото)

Turmush -  Түп районунун күлүктөрү мамлекеттик жана саясий ишмер Болот Мамбетовдун 110 жылдык мааракесине арналган Тоң районунун Бөрү-Көрбөс өрөөнүндөгү жарышта 3 алтын, 2 коло медалга ээ болуп кайтышты.

Уюштуруучулардын айтымында, 7 чакырымдык жорго салышта Тогуз-Булак айылындагы Максат Арбаевдин Банзай аттуу кунан жоргосу биринчи келип, алтын медаль, атайын ат жабуу жана муздаткыч утуп алды. Ушул эле аралыкта Түптүн Миң-Булак айылынан чыккан саяпкер Рысбек Жумадыловдун Скиф аттуу кунан жоргосу 3-орунду ээледи.

Кунан чабышта Михайловка айылынын тургуну Данияр Өмүралиевдин Кобза аттуу күлүгү 1-орунду ээледи. Аламан жарышта Тогуз-Булак айылынан келген Асыл Алиев Камбар аттуу күлүгү менен алдына эч кимди салдырбай, 1-орунду ээлеп, алтын медаль, ат жабуу жана 65 миң сом байгени илип кетти. 3-орунду Михайловка айылынан келген күлүк ээледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 284
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×