Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 18.09.2017 12:22

Балбай айылында кутурган түлкү малга кол салды

Turmush -  Түп районунун Сары-Булак айылына караштуу Балбай айылында кутурма оорусу катталды, деп билдиришти жергиликтүү тургундар.

Балбай айылынын ветеринардык дарыгери Эсен Жазыкбековдун маалыматына караганда, айылга кирген түлкү бир торпокту тиштеген.

«Учурда торпок атайын жайга көмүлүп, айылдагы малга кутурма оорусуна каршы вакциналар сайылды. Жыйынтыгында 780 баш бодо малга, 1530 баш койго, 150 итке дары сайдык», - деди Э.Жазыкбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×