Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ысык-Көл

Түп районунда архивдин жаңы имараты курулуп жатат

Turmush -  Түп районунун архивинин жаңы имараты курулуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга архивден билдиришти.

Маалым болгондой, Түп райондук архив 23 жылдан бери эскилиги жеткен үйдө жайгашкан. Бул имарат келишимдик негизде пайдаланып, баалуу документтер сакталып келген.

«Үстүбүздөгү жылы өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы архив агенттигинин, облустук мамлекеттик архивинин жетекчилиги тарабынан 6 млн 650 миӊ сом бөлүнүп, жаӊы имараттын пайдубалы түптөлдү. Архив жамааты буюрса быйыл жаӊы имаратка көчөбүз деп кубанып турган учуру», - деп билдиришти архивдин жамааты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 386
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×