Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Түптүн Шаты айылында ички көчөлөр оңдолууда (фото)

Turmush -  Түп районунун Шаты айылындагы 2 көчөгө кум-шагыл төгүлүп, тегизделди. Бул тууралуу Шаты айылынын активисти Таалайбек Калыбаев билдирди.

Анын айтымында, жол оңдоого айыл өкмөттүн бюджетинен каражат бөлүнгөн.

«Шаршен жана Супатаев көчөлөрүнүн жашоочуларынын атынан ыраазычылык алган Түп айылдык кеңешинин депутаттары Кутман Кабаев менен Жайлообай Намазбеков Түп айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча бөлдүргөн. Быйыл ушул эки көчөнү жасаса, кийинки жылы башка көчөлөрдү жасап берүүгө аракеттенип жатышат», - деди Т.Калыбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 365
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×