Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 07.09.2017 10:38

Түптүк тогуз коргоолчу Ж.Сагынбекова Астанада өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатта 2-орунду багындырды

Turmush -  Түп районунун тургуну Жаңыл Сагынбекова тогуз коргоол боюнча Астанада өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатта 2-орунду багындырды. Бул тууралуу КРнын тогуз коргоол боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Канат Кендирбаев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Түп районунун Талды-Суу айылындагы М.Элебаев орто мектебин ийгиликтүү аяктап, Бишкектеги ЖОЖдо окуусун улантып жаткан 3 кыз тогуз коргоол боюнча Астана шаарында өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алышкан.

«Азыр эле Астанадан кубанычтуу кабар келди. Жаңыл Сагынбекова тогуз коргоолдун стандарт түрү боюнча 2-орунду орунду ээлеп, күмүш медаль тагынып, эл аралык класстагы спорттун чебери наамын толтурду. Ошондой эле, студенттер Мадина Курманбекова менен Чолпон Кендирбаева рапид түрү боюнча чемпиондукка ат салышууну бүгүн башташты», - деди Канат Кендирбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×