Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ысык-Көл

Фото - 80 жаштагы эмгек ардагери А.Дүйшөбаев «Түптүн ардактуу атуулу» наамы менен сыйланды

Turmush -  Түп районунун Тасма айылынын ардактуу аксакалы Асанакун Дүйшөбаев 31-август — Эгемендүүлүк күнүндө «Түп районунун ардактуу атуулу» наамын алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Асанакун ата 80 жашка чыгып, жубайы Жакшылык Асанова экөөнүн баш кошконуна 60 жыл толгон. Башынан эмгекти сүйгөн Асанакун ата 80 жашка чыкса деле жаны тынбай, эртеден кечке чарбагынан чыкпайт. Ушул кезде жаңы сорттогу кулпунайды терип, базарга сатканга даярдап жатат.

«Мен 1937-жылы Түп районунун Кара-Суу айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлүптүрмүн. 1955-жылы орто билимге ээ болгондон кийин Фрунзе шаарындагы Кыргызстан мамлекеттик университетине барып,1 961-жылы география мугалими кесибин алып чыккам. Бүтөрүм менен ошол кездеги чакырыкка кошулуп, алыскы Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылындагы Коммунист орто мектебинде мугалим болуп иштеп баштагам. 1963-жылдан тартып өз районума келип, чарбалык, партиялык жана советтик кызматтарда иштедим. 5 жыл колхоздо бригадир, башкы экономист, 8 жыл бригадир, 10 жыл Тасма айылдык кеңешинин төрагасы, 9 жыл Түп райондук камсыздандыруу бөлүмүндө инспектор-ревизор, башчы болдум. 1993-1995-жылдары райондо алгачкы соцфондду уюштуруп, 1996-жылдан баштап 15 жыл катары менен Карасаев айыл өкмөтүндө салык боюнча башкы инспектор болуп эмгектендим. «Пенсияга чыктым, карыдым дебей» 3 жыл айыл өкмөттүн жайыт комитетинде иштедим.

Акыркы жылдары аксакалдар соту менен аксакалдар кеңешинин төрагасы катары коомдук иштерге активдүү катышып келдим. Партиялык, советтик жана акимият менен губернатордун ардак грамоталары, баалуу белектери менен сыйландым. Мына ошентип Эгемендүүлүк күнү «Түп районунун ардактуу атуулу» наамына татып отурам.

Энем бир тойдо байбичем Жакшылыкты жактырып калып, күчкө салып эле үйлөнтүп койду. Эркек мүнөз, бетке чабар Жакшылык экөөбүз 12 балалуу болдук. Экөө чарчап калып, 10 балабыздын барын — Гүлмира, Элмира, Эркинбек, Эрмекан, Бурмакан, Гүлсара, Гүлбарчын, Кеңешбек, Талантбек, Баянды жогорку билимдүү кылдык. 17 небере, 2 чөбөрөбүз бар, буюрса кыбыра күтүп жатабыз», - деди Асанакун ата.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 563
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×