Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Эгемендүүлүк майрамында Санташта 3 аялга «Баатыр эне» ордени ыйгарылды

Turmush -  Түп районунун Санташ айыл аймагынын тургундары Эгемендүүлүк майрамды «Каркыра» чек ара тозотунун чек арачылары менен чогуу майрамдашты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Санташ айыл өкмөтүнүн башчысы Орозбек Жапаровдун айтымында, иш-чарага айыл аймактагы 5 айылдын жашоочуларынан тышкары Түп жана Ак-Суу райондорунун малчылары да катышты.

«Ушундай майрамдарга Каркыра аймагындагы жашоочулар жолдун алыстыгынан катыша албай калышат экен. 2 райондун малчыларынын көбү ушул жерде жайлашат. Бул жерден Эгемендүүлүккө карата эмгектин алдыңкыларын ардак грамоталар, баалуу белектер менен сыйладык. 3 энеге «Баатыр эне», 3 энеге «Даңк» орден-медалдарын, баалуу белектерди тапшырдык.

«Каркыра» чек ара тозотунан келген чек арачылар майрамга катышып, эгемендүүлүгүбүздүн бекемдигин биргеликте көздүн карегиндей сактоого чакырды. Манас бабабыз басып өткөн жерде өткөн улак тартышка 5 команда, эр эңишке 12 балбан, волейбол боюнча мелдешке 4 команда катышты. «Манас» эпосунан үзүндү айтылып, концерттик программа тартууланды», - деди Жапаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 816
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×