Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Түптө Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы белгиленди (фото)

Turmush -  Түп районундагы ат майданда Эгемендүүлүк күнү салтанаттуу белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Салтанат Түп айылынын шайыр апалары өз өнөрлөрүн тартуулоо менен башталып, райондун маданият үйү тарабынан эгемендүүлүккө арналган чакан театрлаштырылган көрсөтүүлөр коюлду. Андан кийин Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Айбалиев жана район акими С.Исмаилов катышуучуларды куттукташты. Аким райондогу аткарылып жаткан иштердин ийгилигине токтолуп, райондун өнүп-өсүшүнө салым кошкондорго «Түп районунун ардактуу атуулу» наамын ыйгарды жана алдыңкы эмгекчилерге өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү У.Жылкыбаевдин атынан ардак грамоталар менен ыраазычылык каттарын, райондук администрациянын грамоталарын тапшырды. Андан кийин райондун ардактуу инсандарынын тобуна «КРнын ардактуу инсандары» коомдук бирикмесинин «Ардактуу аксакал», «Ардактуу айым», «Ардактуу ишмер» наамдары берилди.

Райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору менен музыкалык мектептин жаш таланттары салтанат башталгандан аягына чейин майрамды шаңына чыгарып турушту. Акырында Түп айыл өкмөтү майрамдын катышуучуларына майрамдык ысык тамак уюштуруп, ат оюндарынын үч түрү өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 618
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×