Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ысык-Көл

Түптөгү кароосуз калган үйүндө ири өлчөмдө баңгизат жасап жаткан адам кармалды

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы үйлөрдүн биринен ири өлчөмдөгү баңгизат табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган ведомствонун маалыматына караганда, 21-августта түшкөн ыкчам маалыматтын негизинде ИИМдин кызматкерлери Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге мурда баңгизаттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн соттолгон Миң-Булак айылынын 47 жаштагы тургуну А.Алмырзанын үйүн тинтүү иштерин жүргүзүшкөн.

Үйдү тинтүү учурунда жалпы өлчөмү 58 кг 100 грамм болгон суюк наркотикалык зат, 41 кг 500 грамм марихуана жана 47 бөлүккө бөлүнүп, таңгакталган 1 кг 600 грамм гашиш табылган. Ошондой эле, аталган адамдын короосунда баңгизаттарды жасоого ылайыкталган кир жуучу машина да болгон.

Кылмышка шектүүнүн айтымында, ал жайында Бостери айылынын 34 жаштагы тургуну А.Бактияр менен таанышкан жана экөө баңгизаттарды жасоону чечишкен. Бул максатын ишке ашыруу үчүн ал Түп районундагы Миң-Булак айылындагы кароосуз калган үйүнө барган. Алар 16-августтан 20-августка чейин жапайы кара куурай терип, ысык суу менен жууп, кир жуучу машинада баңгизат заттарды жасашкан.

Ысык-Көл облустук ИИБ аталган фактыга карата Кылмыш-жаза кодексинин 46-беренеси (башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) боюнча кылмыш ишин козгоп, шектүүлөргө айып тагылды.

Каракол шаардык соту А.Алмырза менен А.Бактиярга карата 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Учурда козголгон кылмыш иштин негизинде тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 450
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×