Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ысык-Көл

Түптүн 8 айылы интернетке туташтырылат (фото)

Turmush -  Түп районунун Арал жана Карасаев айыл аймагындагы 8 айылды интернет булактары менен туташтыруу үчүн Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 1 млн 200 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу Карасаев айыл өкмөтүнүн кызматкери Н.Үсөнов билдирди.

Анын айтымында, учурда кабелдик орнотууларды «Кыргыз телекомдун» Түп районундагы бөлүмү ишке ашырууда.

«Түп айылынан Аралга чейин 13 чакырымда туурасы 40 см, тереңдиги 1 метр, Аралдан Тасмага чейин 5 чакырым аң казылды. «Кыргыз телекомдун» Түп районундагы бөлүмү 33 мамыны орнотуп беришет. Интернет байланышы үчүн жүргүзүлгөн иштерге Карасаев айыл өкмөтү 585 миң сом, Арал айыл өкмөтү 615 миң сом өнүктүрүү фондусунан которуп берди», - деди Н.Үсөнов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 466
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×